• Үч мас киши такси токтотуп отурурушуртур, 
    Таксист азилдешип жайынан жылдырбай от алдырып беш минутча туруп:
    -Келдик, түшкүлө - десе
    Бири рахмат айтып түшүп кетиптир, экинчиси акчасын төлөп түшүп кетиптир.
    Үчүнчүсү таксистин башына бир коюптур.
    Таксист муну сезип калды окшойт деп ойлоп турса, тиги:
    - Ушунча кишинин өмүрүнө жоопкер экениңди билесиңби?
    Экинчи мындай катуу ылдамдыкта айдабай жүр, деп түшүп кетиптир. 

  • Түндѳ күйѳѳсүнүн кыйкырыгынан чочуп ойгонгон аялы:
    -Эмне кыйкырып жатасың?
    -Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын, дептир

  • Психдиспансерде ооруулулардын психологиясын текшерип көрөйлүк деп кино коюп берип, столдун үстүн красскалап коюшат. Баары отурушат, бирөө гана гезит коюп анан отурат. Андан сурашат: - Сен айыгып калыпсын, десе. Оорулуу -жок мен просто башкаларга караганда бийигирээк отурайын дегем дептир

  • Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
    бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
    звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
    бир кыздан сурашат: "звездов правильно или звездей?",-десе:"я таких словей не знаю!",-дептир

  • Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
    Анда дубалды сүйөнүп турган мас: - Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
    десе. - көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.

  • Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
    толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
    деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды кантип тааный койдун? деген экен

  • Апенди ооруканада өзүнө келбей араң жаткан жеринен башында карап турган аялына карап...
    - Айланайын кемпирим, деп жобураганда аялы жакшы үмүт менен мени мактайт ко деп, кулак салса...
    - Каап авто кырсыка учураган кезимде да жанымда болчу элең, банкрот болгон кезимде да жанымда болчу элең, токмок жеген кезимде да жанымда болчусун, теги эле кара мышыгы бар аял турбайсынбы сен дептир...

  • Коридордо бир окуучу чуркап бакырып баратат...
    --Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп.
    Астынан директор тосуп чыгат экен да сурайт:
    -Эмне болду сага? Эмне сабак учурунда эшикте журосун?
    -Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп дагы бакырат экен окуучу.
    Директор жини келип,
    -Айт сага эмне болду?-деп дагы бир сыйра сурайт экен.
    Анда окуучу:
    -Мен класта осуруп алдым. Мени мугалим кууп чыкты да өздөрү жытташ учун чыкпай коюшту.
    Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп кайра бакырган бойдон кеткен экен.

  • Жигит менен кыз сейилдеп жүрүп, көпкө унчукпай калышыптыр. Бир убакта, кыз жигитине:

    - Эмнени ойлонуп жатасың? -десе, жигит:
    - Сен ойлоп жатканды. -дейт экен.

    Кыз:- Ай, уятың жок немесиңго! -дептир

  • Эки чукча деңизге барып, морж кармап алат. Моржду башынан сүйрөп алып келе жатышса алдынан бир орус чыгып:
    - Эй, алдыгыны башынан сүйрөбөй куйругунан сүйрөсөңөр женил болот дейт.
    Эки чукча куйругунан сүйрөп көрсө чын эле жеңил болот. Чукчанын бирөөсү экинчисине:
    - Негизи орустар акылдуу болот ээ десе,
    анда экинчиси:
    - Акылдуусу го, акылдуу. Бирок экөөбүз кайра деңизге келип калдык дептир.