Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апенди аялы өлүп калып, бир эри өлгөн жесир аялга үйлөнөт. Анысы отурса-турса деле өлгөн эрин оозунан түшүрбөй эстеп алып ыйлап, эртели-кеч кошок кошуп заңкылдай берип, Апендини тажатыптыр. Мына эмесе деп, Апенди да бир күнү кошо өңгүрөп кирет. Аялы:

– Мен го мен! Өлгөн эриме ыйлап атам, а сенчи? – деп таң калат.

– Мен өзүмө ыйлабаймынбы! – дейт анда Апенди. – Эриң өлбөгөндө, сен жесир калбасаң, мен шордуу сени албайт элем.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апендини бирөө мейманга чакырып:

– Тамакка табитиң барбы? – деп сураса.

– Андан башка менде эмне болот? Болгон байлыгым эле ошол! – дептир Апенди.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апендиден бирөө кыска мөөнөт менен карыз акча бере тур дейт. Анда Апенди:

– Карыз акча бере албайм, ал эми мөөнөттү болсо каалашыңча ала бер, – деген экен.

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!