• Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
    Анда дубалды сүйөнүп турган мас: - Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
    десе. - көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.

  • Күйөөсү менен аялы ужас кино көрүп жатат дейт. Бир кезде экран
    толгон эле ужастын бети болуп калат, аялы чоочуп кетип, ?апаааа!?
    деп кыйкырат экен. Анда күйөөсү эч кам санабастан: ?апанды кантип тааный койдун? деген экен

  • Апенди ооруканада өзүнө келбей араң жаткан жеринен башында карап турган аялына карап...
    - Айланайын кемпирим, деп жобураганда аялы жакшы үмүт менен мени мактайт ко деп, кулак салса...
    - Каап авто кырсыка учураган кезимде да жанымда болчу элең, банкрот болгон кезимде да жанымда болчу элең, токмок жеген кезимде да жанымда болчусун, теги эле кара мышыгы бар аял турбайсынбы сен дептир...

  • Коридордо бир окуучу чуркап бакырып баратат...
    --Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп.
    Астынан директор тосуп чыгат экен да сурайт:
    -Эмне болду сага? Эмне сабак учурунда эшикте журосун?
    -Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп дагы бакырат экен окуучу.
    Директор жини келип,
    -Айт сага эмне болду?-деп дагы бир сыйра сурайт экен.
    Анда окуучу:
    -Мен класта осуруп алдым. Мени мугалим кууп чыкты да өздөрү жытташ учун чыкпай коюшту.
    Каякта ой-пикир, акылдуу кишилер, таза билим??-деп кайра бакырган бойдон кеткен экен.