• Асан мн Үсөн мектепте тесттен өтүшөт. Биринчи асан кирет:

    1-суроо,кыргызстандын биринчи президенти -Акаев

    Кыргызстандын желегинин түсү -кызыл

    Тигил машина неге токтоп турат -бензин жок.

    Баракелде, 5 алып чыгат. Үсөн болсо шаша сурап,кыйын эмеспи эмнелерди сурады дейт, Асан болсо,биринчи Акаев анан кыпкызыл кийин болсо бензин жок дейсин деп түшүндүрөт. Үсөн киргенде эле агайы -демек сенин атын Үсөн, десе жок -Акаев дейт. Сен эмне жиндибсиңби десе -кыпкызыл дейт. Бар жогол чыгып кет десе -бензин жок дептир.

  • Бир апенди жолдо кетип жатса бир киши мышыгын жууп жатыптыр. Апенди жууба мышыгын өлүп калат десе укпай жууй берет. Апенди кайра келе жатса жанакы киши ыйлап жатыптыр. Апенди сурайт, эмне болду десе мышыгым өлүп калды дейт, жана айттымго өлүп калат десем укпадын десе, жоок жууганда өлгөн жок сыкканда өлүп калды дейт.

  • Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
    -Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
    -Кандай түш?
    -Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
    Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
    Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
    Күйөөсү жылмайып:
    -Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
    Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
    Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
    Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.

  • Кичинекей жаш бала апасына келип
    - Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
    Анда апасы:
    - Бирөө сени менен уктайт, десе
    - Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
    Анда апасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
    Анда баласы:
    - Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
    Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
    - Тилегиңе жет балам, деген экен.