• Үч мас киши такси токтотуп отурурушуртур, 
    Таксист азилдешип жайынан жылдырбай от алдырып беш минутча туруп:
    -Келдик, түшкүлө - десе
    Бири рахмат айтып түшүп кетиптир, экинчиси акчасын төлөп түшүп кетиптир.
    Үчүнчүсү таксистин башына бир коюптур.
    Таксист муну сезип калды окшойт деп ойлоп турса, тиги:
    - Ушунча кишинин өмүрүнө жоопкер экениңди билесиңби?
    Экинчи мындай катуу ылдамдыкта айдабай жүр, деп түшүп кетиптир. 

  • Түндѳ күйѳѳсүнүн кыйкырыгынан чочуп ойгонгон аялы:
    -Эмне кыйкырып жатасың?
    -Коркунучтуу түш кѳрдүм. Элестет , кайра сага үйлѳнүп жатыптырмын, дептир

  • Психдиспансерде ооруулулардын психологиясын текшерип көрөйлүк деп кино коюп берип, столдун үстүн красскалап коюшат. Баары отурушат, бирөө гана гезит коюп анан отурат. Андан сурашат: - Сен айыгып калыпсын, десе. Оорулуу -жок мен просто башкаларга караганда бийигирээк отурайын дегем дептир

  • Айылдан жаны келген эки бала карангыда көчөдө кетип баратышып,
    бирөөсү айтат: -смотри на небе сколько звездей! -звездей эмес,
    звездов туура болот,-дейт экинчиси. Анан экөө мелдешип кетип,
    бир кыздан сурашат: "звездов правильно или звездей?",-десе:"я таких словей не знаю!",-дептир

  • Бир мас көчөдө дубалды таянып, араң келе жатса көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
    Анда дубалды сүйөнүп турган мас: - Эй, эмне жатасын, алына карап ичпейсинби,
    десе. - көрөм сени азыр дубал бүтсө- деген экен.